Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманакун уулу: Бишкек боюнча 6382 үй мыйзамсыз салынган, теңи түрттүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления землепользованием и строительства мэрии Бишкека Талант Иманакун уулу
Начальник Управления землепользованием и строительства мэрии Бишкека Талант Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу 2005-жылдагы революция учурунда борбор калаадагы өзүм билемдик менен басып алынган жерлер мыйзамдаштырылышы керектигин айтты.
Иманакун уулу: Бишкек боюнча 6382 үй мыйзамсыз салынган, теңи түрттүрүлөт

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 6382 үй мыйзамсыз курулуштардын катарына кирет. Калаанын Архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгынын корутундусу боюнча, алардын ичинен болгону 3200 гана турак жайды мыйзамдаштырууга болот. Бул тууралуу Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаар ичиндеги мыйзамсыз салынган тамдардын басымдуу бөлүгү жогорку чыңалуудагы зымдардын астында, көрүстөндөрдүн аймагында жана атайын корукка алынган жерлерге салынган.

"Мыйзамсыз курулган турак жайлардын маселеси өтө оор. Аларды легалдаштыруу үчүн бир топ аракеттер жумшалышы керек. Бул жагдайды жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңешке чейин кайрылганбыз. Учурда маселе каралып жатат. Мындан сырткары, мыйзамсыз курулуштар боюнча атайын штаб түзүлгөн, ал да тийиштүү иштерди алып барууда. Бүгүнкү күндө шаар ичиндеги жана конуштардагы уруксатсыз салынган үйлөрдүн саны 6382ге жетет. Алардын ичинен болгону 3200 гана тамды мыйзамдаштырууга мүмкүн. Калгандары түрттүрүлөт. Тилекке каршы, эл муну түшүнбөй чыр-чатак чыгууда. Айрымдары алданып калып, билбестик менен үй куруп алдык дешет. Бирок мыйзамды билбестик жоопкерчиликтен бошотпойт", — деди Иманакун уулу.

Ошондой эле ал акыркы тапта кыймылсыз мүлк сатып алууда алдамчылык фактылары көп болуп жатканын айтып, жарандарды жер же үй сатып алганда бардык документтерди дыкаттык менен текшерип чыгууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0