Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тазабекова: фонддо 1890-жылдан берки кинофотофонодокументтер сакталуу

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник отдела комплектования НСА и использования документов ЦГА КФФД Анара Тазабекова
Начальник отдела комплектования НСА и использования документов ЦГА КФФД Анара Тазабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтердин архивинин топтоо жана документтерди пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Анара Тазабекова аталган бөлүм 1941-жылдан бери иш алып барарын айтты.
Тазабекова: фонддо 1890-жылдан берки кинофотофонодокументтер сакталуу

Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтердин архивинде Шабдан баатыр, Жантай хан, Курманжан датканын сүрөттөрүнөн тарта кыргыз жергесиндеги алгачкы үн жаздыруу болуп эсептелген, 1903-жылы жаздырылган Кенжекаранын "Семетей" эпосун айтып жаткан аудио документине чейин сакталуу. Бул тууралуу Анара Тазабекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтеринин архиви 1958-жылы мамлекеттик архивдин курамына киргизилген. Бирок кайра 1972-жылы ал өз алдынча архив катары түзүлүп, иш алып барып келет.

"Биздин архивде документтер сүрөт, кино, видео жана аудио түрүндө сакталат. Учурда 16 000ден ашуун киноматериал, 80 000 сүрөт, 6 000ден ашык аудио жаздыруулар жана 1500дөн ашык видео документ бар. Эң алгачкы тарыхый документ катары 1890-жылдары тартылып алынган сүрөттөр эсептелет. Алардын арасында сарыбагыш уруусунан чыккан Шабдан баатыр, Жантай хандын жана айтылуу Курманжан датканын сүрөттөрү бар. Мындан сырткары, 16-35 миллиметрлик пленкаларга тартылган, 1923-жылдан бери топтолгон кино тасмаларды сактап келебиз. 1992-жылдан тарта видеолорду кабыл ала баштадык. Анда көбүнчө Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки тарыхы камтылган. Ошондой эле бизде 1903-жылы жаздырылган Кенжекаранын "Семетей" эпосун айтып жаткан аудиосу бар. Бул кыргыз тилиндеги алгачкы үн жаздыруу болуп тарыхта калган", — деди Тазабекова.

Ошондой эле ал азыркы тапта бардык кинофотофонодокументтерди санариптештирип, электрондук форматка өткөрүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0