Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис: айрымдар балдарын бакчага киргизүү үчүн электрондук кезекке турбай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чинара Майтикова
Главный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чинара Майтикова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикова бала бакчага кирүү үчүн электрондук кезекке туруу керектигин айрым ата-энелер билбей жатканын айтты.
Адис: айрымдар балдарын бакчага киргизүү үчүн электрондук кезекке турбай жатат

Бүгүнкү күндө ички мигранттардын көбү баласын бала бакчага берүүдө электрондук кезекке турбай жатат. Бул тууралуу Чынара Майтикова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым ата-энелердин "тааныш-билиш аркылуу баламды бала бакчага киргизип алам" деген ою жаңылыштык.

"Ички мигранттар баласын бала бакчага киргизүү үчүн электрондук кезекке туруу керектигин билбей жатышат. Алардын арасында тааныш-билиш аркылуу киргизем дегендер да бар. Мындай аракет текке кетерин түшүнбөй жатышат. Былтыр бир шаар тургуну электрондук кезекке тургандан кийин эртеси эле баласын кабыл алган учур болду. Ошондуктан электрондук кезекке туруу ата-энелердин өзүнө эле жакшы", — деди Майтикова.

Ал Бишкек шаарындагы төрт райондун ичинен Октябрь районунда бала бакчалар көбүрөөк экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0