Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Моношбекова: Бишкекте ак илбирске арналган марафон өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМаркетолог спортивного объединения Nomad Айгерим Моношбекова
Маркетолог спортивного объединения Nomad Айгерим Моношбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова борбор калаада 15-сентябрда биринчи жолу "Ак илбирсти сактайлы" урааны менен эл аралык кайрымдуулук жарышы өтө турганын айтты.
Моношбекова: Бишкекте ак илбирске арналган марафон өтөт

Кайрымдуулук марафонуна 10дон ашык мамлекеттен спорт сүйүүчүлөрүнүн келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарыштын жүрүшүндө Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат.

"Биздин бирикме 2014-жылдан бери ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүп келет. Ошол убактан баштап эле ак илбирске байланыштуу кайрымдуулук жарышын өткөрүүнү максат кылып келгенбиз. Тилегибиз ишке ашып, 15-сентябрда Бишкек шаарында алгачкы жолу "Ак илбирсти сактайлы" аттуу ураан менен эл аралык кайрымдуулук марафону өткөнү жатат. Ага 10дон ашык мамлекеттен спорт сүйүүчүлөрүнүн келиши күтүлүүдө", — деди Моношбекова.

Ал спорттук иш-чаранын максаты — дени сак жашоого чакыруу жана Кыргызстанды даңазалоо экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0