Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: мектептерди санариптештирүү конкурсун 8 компания утту

© Sputnik / Досхан НусупбековЗамминистра образования КР Надира Жусупбекова
Замминистра образования КР Надира Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептердин иши санариптештилерин айтты.
Жусупбекова: мектептерди санариптештирүү конкурсун 8 компания утту

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептердин иши санариптештилерин айтты.

Орто билим берүү мекемелеринин ишин сегиз жеке компания санариптештирет. Алар атайын өткөрүлгөн сынакта тандалып алынган. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жеке компаниялар мектептерди акысыз апробациялайт.

"Мугалим билим берүү иштерине көбүрөөк көңүл бурушу абзел. Окутуучунун убактысы көлөмдүү отчетторду толтурууга кетип жатат. Мындан улам атайын сынак аркылуу тандалып алынган компаниялар кол жазма менен толтурулган кагаздардын бардыгын санариптештирүү жолдорун табышы керек. Электрондук күндөлүктөн тарта окуучулардын кирип чыкканына чейин автоматташтырылышы шарт. Андыктан, мектептерди электрондоштуруу иштерин жүргүзүүчү компанияларга конкурс өткөрдүк. Катышкан 10 компаниянын ичинен сегизи жеңип алды. Конкурстан уткан компанияларга жети облус жана шаарларда жайгашкан бардык мектептер бөлүп берилди. Алар эми сынамык иретинде жасалчу өз иштерин акысыз көрсөтүшмөкчү. Жыйынтыгында биздин талаптарга жооп берген компания менен гана кызматташабыз", — деди Жусупбекова.

Ал мектептерди апробациялоо иштерин министрлик көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0