Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арпачиев: Көчмөндөр оюндарына эки шаар, жети облустун командалары катышат

© SputnikЗамдиректора ГАФКиС КР Канатбек Арпачиев
Замдиректора ГАФКиС КР Канатбек Арпачиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Көчмөндөр оюндарынын мандаттык комиссиясы 15-сентябрда Таласта иштей турганын айтты.
Арпачиев: Көчмөндөр оюндарына эки шаар, жети облустун командалары катышат

Республикалык көчмөндөр оюндарына жалпысынан жети облус жана Ош, Бишкек шаарларынын спорттук командалары катышат. Бул тууралуу Канатбек Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, катышуучу тайпалар өз облусунун жана шаарынын күчтүү спортчуларынан түзүлгөн курама командалар болушат.

"16-21-сентябрда өтүүчү Республикалык көчмөндөр оюндарына бардык облустардан жана борбор калаа менен Ош шаарынын командалары катышары күтүлүүдө. Командаларга мүчө болуучу спортчулардын документтеги катталган жери кайсы облус болсо, ошол жактын тайпасына кошулат. Өз ара тандалып алынган, күчтүү оюнчулардан турган курама командалар болот деп күтүп жатабыз. Алар үчүн мандаттык комиссия 15-сентябрда Таласта өткөрүлүп, 16-сентябрдан тарта оюндар башталат. Жалпысынан улуттук спорттун 10 түрү — ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, көк бөрү, кыргыз күрөш, алыш күрөшү, ордо жана салбурун, эр эңиш, тогуз коргоол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлөт", — деди Арпачиев.

Ошондой эле ал оюндарды каалоочулар акысыз көрө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0