Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: Көчмөндөр оюндарынын максаты — элди биримдикке чакыруу

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаслуженный деятель культуры КР, драматург Кайрат Иманалиев
Заслуженный деятель культуры КР, драматург Кайрат Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Таласта өтө турган Көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүп жаткандыгын белгиледи.
Иманалиев: Көчмөндөр оюндарынын максаты — элди биримдикке чакыруу

Көчмөндөр оюндарын республикалык деңгээлде жыл сайын өткөрүүнүн максаты — элди биримдикке, ынтымыкка чакыруу. Ата-бабалардын үмүт-тилеги кандай болгон, ошону биз татыктуу аткарып жатабызбы деген идеологияны чагылдыруу. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара 16-21-сентябрь күндөрү Талас облусундагы "Манас Ордо" маданий-тарыхый комплексинде өтөт.

"Көчмөндөр оюндары мындан ары жыл сайын республиканын ар облусунда өткөрүлүп турмакчы. Максаты - элдин биримдигин чыңдоо, ынтымакка үндөө. Ошондой эле нечен кылымдан бери бирде ылдый, бирде өрдү карай жол тартып келе жаткан кыргыз көчүнүн тарыхы, маани-маңызы менен жаш муунду тааныштыруу, аларга тарбиялык насаат катары ата-бабалардын баскан жолун ачып көрсөтүү болуп саналат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөндө айрым атуулдар долбоордун кереги жоктугун, чыгымдан башка пайдасы болбостугун айтып чыгышкан. Бирок мындай иш-чаралар элге кадыресе дем-күч берерине күбө болдук. Андыктан, жан дүйнөнү байытуу максатында келечек муунга тарбиялык маанисин көрсөтүү үчүн бул долбоор уланып, өткөрүлүп турушу керек", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Таласта өтчү маданий, спорттук оюн-зооктордун баары көрүүчүлөр үчүн акысыз тартууланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0