Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: көптөн бери түрк тектүү элдерди бириктирүү аракети жүрүүдө

© Sputnik / Асель АкматалиеваДоцент Дипломатической академии МИД КР Темирбек Нурматов
Доцент Дипломатической академии МИД КР Темирбек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти Темирбек Нурматов көп жылдардан бери түрк тилдүү элдерди бириктирүү аракеттери жүрүп келе жатканын айтты.
Нурматов: көптөн бери түрк тектүү элдерди бириктирүү аракети жүрүүдө

Түрк тектүү калктарды бириктириш үчүн алардын баарын кызыктыра турган орток максат керек. Бул тууралуу Темирбек Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түрк тектүү элдердин биригишине тоскоолдук жаратып, каршы чыккандар да бар.

"Түрк тектүү элдер Евразия чөлкөмүндө абдан көп отурукташкан. Алардын таасири бүтүндөй дүйнөнүн тарыхын өзгөрткөн. Мисалы, Осмон империясы тогуз кылымга жакын убакыт Азия, Европа жана Африкада өкүмүн жүргүзүп, тарыхтагы эң чоң жана узак мөөнөткө сакталып келген падышалык катары сыпатталып келет. Бирок замандын өтүшү менен түрк дүйнөсү чачырап, анын курамындагы эл өзүнчө эгемен өлкөлөрдү түзүштү. Ал эми саны аз калктар башка мамлекеттердин курамында калды. Дүйнөдөгү таасирдүү империяны жандандыруу аракети 20-кылымдарда кайрадан башталган. 1920-жылдары кыргыз жергесинде түзүлгөн "Социал-Туран" партиясын мисал катары алсак болот. Кийин Түркия мамлекети тарабынан да көптөгөн аракеттер болуп, бирок ал өтөсүнө чыккан жок. Азыркы учурда да бул багытта көптөгөн иштер аткарылууда. Бирок жыйынтык жакшы болбой жатат. Биздин байкашыбызча, түрк тектүү элдерди бириктириш үчүн баарынын кызыгуусун арттырган орток максат керек. Эгер ал табылса, түрк дүйнөсү кайрадан жаралат деген үмүт бар", — деди Нурматов.

Ошондой эле ал түрк тектүү элдердин арасынан кыргыздар, казактар жана түркмөндөр байыртадан бери келе жаткан үрп-адат, каада-салтын сактап калган калктардын катарына кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0