21:53 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9133
  • RUB1.1560

Айбек уулу: чүкөгө суроо-талап жогору

Радио
Кыскача шилтеме алуу
33720

Жаш ишкер Алтынбек Айбек уулу чүкө бизнесин баштаганына эки ай болгонун жана ага суроо-талап жогору болуп жатканын айтты.

Айбек уулу: чүкөгө суроо-талап жогору

Кытайдын эмес, атамекендик продукцияларды сатып алып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө ар бир жаран салым кошушу керек. Мындай пикирин Алтынбек Айбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дал ушул себептен чүкө оюнун жайылтууну көздөп жатат.

"Мигрант ишкер" долбоорунун алкагында чүкө сатып баштадым. Баштыгын апам даярдап, чогулган чүкөлөрдү өзүм кийиз боек менен боеп жатам. Аларды айылдардан, туугандардан сураштырып, даярдоодобуз. Бул бизнести баштаганыма болгону эки ай болсо да учурда суроо-талап жакшы. Улуттук нерселерге коомчулук суусап турганы байкалды. Сатып алуучулар үй той, жентек той, туулган күн сыяктуу жакшылыктар үчүн алып, белек кылууда. Кытайдын эмес, чүкө сыяктуу атамекендик продукцияларды сатып алып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө ар бир жаран салым кошушу керек деп ойлойм", — деди жаш ишкер.

Ошондой эле ал чүкөгө Россия, Америка жана Кореядан да тапшырыктар түшүп баштаганын кошумчалады.

Тема боюнча

Кожокеев: кыргыздар чүкө ойногонду бир көрүп эле үйрөнүп алат
Туптунук экен! Кыргызстандык сүрөтчү чайырдан чүкө жасады
Белгилер:
тарыхый баалуулуктар, суроо-талап, чүкө

ЭҢ МААНИЛҮҮ