Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чодуев: Айыл чарба министрлигинин 4000ден ашуун кызматкери кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев аталган министрликтин борбордук аппаратында 84 гана адам иштерин айтты.
Чодуев: Айыл чарба министрлигинин 4000ден ашуун кызматкери кыскарды

Учурда Айыл чарба министрлигинде 815 кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу Эркинбек Чодуев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган министрликте 4909 адам иштечү.

"Ушул жылдын 31-июлуна чейин Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде 4909 адам эмгектенген. 30-июлда өкмөттүн Суу ресурстары жана жер ресурстары агенттиктерин түзүү токтому чыкты. Бул эки агенттик түзүлгөндөн тарта министрликтин штатында 815 кызматкер калды. Буга чейин министрликке караган Суу департаменти аталган агенттикке өттү. Эми аларды өкмөт тескейт. Ошентип учурда 40 райондо 815 адам, башкы кеңседе 84 гана кызматкер эмгектенип келет", — деди Чодуев.

Министр кадрдык саясат жүргүзүүдө райондордо иштеген адистерди күчтөндүрүүгө аракет кылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0