Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскулбеков: эми рак менен ооруган балдарга тамчылатма морфин колдонулат

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеведущий, тамада Эркин Рыскулбеков
Телеведущий, тамада Эркин Рыскулбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жардам берүү оңой" коомдук фондусунун байкоочу кеңешинин мүчөсү Эркин Рыскулбеков тамчылатма морфинди колдонуу менен онкологиялык илдетке чалдыккан балдардын оорусун басаңдатуу мүмкүн экенин айтты.
Рыскулбеков: эми рак менен ооруган балдарга тамчылатма морфин колдонулат

Быйылтан тарта Кыргызстанда онкологиялык дартка кабылган балдарга тамчылатма морфин колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу Эркин Рыскулбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган препараттын биринчи бөлүгү жыл соңуна чейин алып келинет.

"Буга чейин залалдуу шишик дартына кабылган балдарга морфин ийне аркылуу берилип келсе, эми аны тилдин астына тамызууга Кыргызстанда уруксат берилди. Бул ооруп жаткан балдардын жанын кыйнабай, аз да болсо басаңдатууга шарт түзөт. Бирок бизди кооптондурган жагдай — тамчылатма морфиндин арзан баада сатылгандыгында. Анткени финансылык пайданы көздөгөн фармакологиялык компаниялар бул препаратты өлкөгө алып келбей коюшу мүмкүн. Ушул маселени чечиш керек. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер көйгөй оңунан чечилсе, ушул жылдын аягына чейин тамчылатма морфиндин алгачкы бөлүгү өлкөгө алып келиниши керек", — деди Рыскулбеков.

Ошондой эле ал Европада мындай ыкма алтын стандарт катары белгиленип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0