Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: Кыргызстан бизнеси өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов. Архив
Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов ишкерликти өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте мамлекеттик колдоо керек экенин айтты.
Акматов: Кыргызстан бизнеси өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калды

Бүгүнкү күндө Кыргызстан бизнес жаатында өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жылга артта калды. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасын көтөрүп, миграциянын агымын токтотуу үчүн мамлекет жаңы жумушчу орундарды түзүп бере алчу ишкерлик чөйрөсүнө көмөктөшүп, анын өнүгүүсүнө салым кошуусу зарыл.

"Буга чейинки көңүлкош мамиледен улам Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсү өнүккөн өлкөрдөн 100 жылга артта калды. Бүгүнкү күндө мамлекеттик колдоо болуп, аз да болсо көңүл бурулуп жатат. Бирок бизнестин өнүгүүсү абдан жай. Айрым ведомстволордун шалаакылыгынан ишкерликтин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаралууда. Ошондой эле кадр маселеси бар. Көп учурда өндүрүүчүлөр бул тармакты жакшы түшүнбөгөн мамлекеттик кызматкерлерден ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат алышат. Алар убакытты создуктурган учурлар арбын. Ал эми баарына маалым болгондой, бизнесте убакыт алтынга тете. Мындан сырткары, өлкө экономикасы да түздөн-түз бизнестен көз каранды. Ишкерлик өнүксө кошумча жумуш орундары да түзүлөт. Ага ылайык миграциянын агымы да азаймак", — деди Акматов.

Ошондой эле ал ишкерликти өнүктүрүү багытында иштелип чыккан учурдагы программаларды эртерээк кабыл алып, ишке киргизиш керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0