Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадышева: банкомат картаны "жутуп" алса ызы-чуу салуунун кажети жок

© Sputnik / Эркин СадыковКоммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери Алмагүл Кадышева. Архив
Коммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери Алмагүл Кадышева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери Алмагүл Кадышева банк картасын банкоматта унутуп кеткен учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.
Кадышева: банкомат картаны "жутуп" алса ызы-чуу салуунун кажети жок

Эгер банкоматка төлөм картасы унутулуп калса, бир нече секундадан кийин аны "жутуп" алат. Мындай көрүнүш карта иштебей калган учурда же пин кодду туура эмес тергенде да болушу мүмкүн. Бул тууралуу Алмагүл Кадышева Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кардар картасы жанында жоктугун байкаар замат дароо банкка чалып, аны блокко салып коюшу керек.

"Картаңызды жуткуруп жиберген кезде коркуп, сарсанаа болуштун кажети жок. Болгону дароо банкка чалып, бул тууралуу кабарлаңыз. Банктан картаны алган кезде сырдык сөз белгиленген. Мына ошол сырдык сөздү унутпаңыз. Ошондой эле дайыма жаныңызда банктын call борборунун же тиешелүү адистеринин номери сакталуу болсун. Картаңыздын банкоматта калып калгандыгын маалымдаган соң ал дароо блокко түшөт. Ал эми ичиндеги каражатты банктын өзүнө барып, паспортуңуздун жардамы менен чыгарып алсаңыз болот. Картаңызды кайсы күнү, банктын кайсы бөлүмүнөн алып кете аларыңызды кызматкерлер түшүндүрүп берет", — деди Кадышева.

Ал ошондой эле картаны телефон аркылуу сутканын кайсы саатында болсо да блоктосо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0