Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис уйдун кайсы тукумдары эт, сүткө ылайыктуу экенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архивное фото
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева уйдун кайсы породалары эт, сүткө ылайыктуу экендигине токтолду.
Адис уйдун кайсы тукумдары эт, сүткө ылайыктуу экенин айтты

Өлкөдө асыл тукумдуу мал кармоо жолго салына элек. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, уй багууда тукумун туура тандап, климаттык шарттарга жана азык-түлүк рыногуна көңүл буруу зарыл.

"Кыргызстанга ылайыкташкан уйлар — ала-тоо, абердин ангус, голштин жана швиц породалары. Ала-Тоо тукуму сүт, эт багытында болуп, уйлардын орточо салмагы 500-550 килограммды түзөт. Жылына 2800 литрден 3500 литрге чейин сүт берет. Букаларынын салмагы 800-850 килограммга жетет. Швиц породасы да комбинацияланган асыл тукумга кирет. Бул уйлардын салмагы 550-600 килограмм болуп, жылына орточо эсеп менен 3500-4000 литр сүт берет. Ошондой эле ал ооруга туруктуу келип, эрте жетилет. Ал эми абердин ангус тукуму суукка чыдамкай келип, кышында да ачык асман алдында оттоп жүрө алат. Анын ургаачыларынын орточо салмагы 500-700, ал эми букалары 750-1000 килограммга чейин жетет", — деди Тогузбаева.

Ал ошондой эле абердин тукуму эттин сапаты боюнча алдыңкы орунда экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0