Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кылычбеков: мектеп жана бала бакчаларга 240 миң сом айып салынды

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт коопсуздугу боюнча тескөөчүсү Мирлан Кылычбеков
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт коопсуздугу боюнча тескөөчүсү Мирлан Кылычбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт коопсуздугу боюнча тескөөчүсү Мирлан Кылычбеков 2019-2020-жаңы окуу жылына карата мектеп жана бала бакчалар өрт кырсыгынын алдын алуу үчүн текшерилип жатканын айтты.
Кылычбеков: мектеп жана бала бакчаларга 240 миң сом айып салынды

Бүгүнкү күндө 1361 мектеп жана 638 бала бакча текшерилди. Алардын арасынан өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербегендерине тийиштүү көрсөтмөлөр берилип, 240 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мирлан Кылычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Мамэкотехинспекция тарабынан өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр 1-сентябрга чейин уланат.

"Жаңы окуу жылына карата бардык билим берүү мекемелери текшерилип жатат. Учурда 1361 мектеп жана 638 бала бакчанын абалы менен таанышып чыктык. Жыйынтыгында талапка жооп бербеген окуу жайларга көрсөтмө берилип, жалпы 240 миң сомду түзгөн айып салынды. Аны мекеме жетекчилиги төлөйт. Анткени буга чейин биз өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын ала эскертүүлөрдү бергенбиз. Азыркы учурда мектеп жана бала бакчалардын 95 пайызында өрт тууралуу кабар бере турган электрондук коңгуроолор жок. Бул өрт коопсуздугу боюнча эрежелерде каралган. Муну да эске алып, мекеме жетекчилери аталган талапты аткарышы шарт. Андан сырткары, чатырлар жыгач курулуш материалынан тургузулса, алар сөзсүз өрткө каршы туруштук бере турган нерсе менен капталышы керек. Көпчүлүк билим уяларында мына ушул талаптар аткарылган эмес", — деди Кылычбеков.

Ошондой эле ал текшерүү учурунда өрт өчүрүүчү шаймандар жана суу келе турган өрт гидранттары кайда экенин билбеген мекеме жетекчилери да кездешкенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0