Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: телефондун камерасы менен деле мыкты кадр алууга болот

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин фотографы жана бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси Табылды Кадырбеков. Архив
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин фотографы жана бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси Табылды Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин фотографы жана бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси Табылды Кадырбеков Кыргызстанда кагазга чыгарылган эмес, санариптик сүрөттөр тездик менен өнүгүп жатканын айтты.
Кадырбеков: телефондун камерасы менен деле мыкты кадр алууга болот

Мыкты кадр тартуу үчүн сөзсүз кымбат фотоаппарат болуш керек деген ой жаңылыштык. Мындай пикирин Табылды Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, телефондун камерасы менен деле кооз кадр алууга болот.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүздө санариптик сүрөттөр өнүгүү жолунда. Бул нерсеге Instagram тармагынын кеңири жайылышы да түрткү берди. Чөнтөк телефондор үчүн да ар түрлүү объективдерди колдонууга мүмкүнчүлүк жаралды. Жада калса, эл аралык сүрөт конкурстарда атайын мобилдик сүрөт категориялары ачылып, телефонго тартылган сүрөттөргө өзүнчө баа берилип келет. Көпчүлүк жакшы кадр алуу үчүн сөзсүз түрдө кымбат фотоаппарат болуш керек деп ойлойт. Бирок мыкты сүрөттөрдү деле телефондун камерасына тартса болот. Анын үстүнө барган сайын телефондун камералары күчтүү болуп бара жатат. Ал эми мен үчүн сүрөт тартууда жарык өзгөчө мааниге ээ", — деди фотограф.

Ал телефонго салыштырмалуу фотоаппарат менен сүрөт тартуу кыйыныраак экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0