Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Салыкты кантип туура төлөө керек. Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын Декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов
Мамлекеттик салык кызматынын Декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын Декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов 1-сентябрга чейин транспортторго, 2-сентябрга чейин батир, турак жай жана жер салыгын төлөө керектигин айтты.
Салыкты кантип туура төлөө керек. Адистин түшүндүрмөсү

Учурда Калкты тейлөө борборлорунда салыктарды кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Мукай Нусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салыкты бир канча жол менен төлөөгө болот.

"Жылдын башында Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жарандар мамлекетке канча суммадагы салык төлөй тургандыгын өздөрү эсептеп чыга алат. www.sti.gov.kg сайтында аны кантип эсептөө керектиги тууралуу толук маалымат жазылган. Салык төлөөчүлөр банк, терминал, почта жана мобилдик тиркеме аркылуу акчасын төгө алышат. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса, биздин кызматкерлер дайыма жардамдашууга даяр. 1240 номерине чалып, кеңири маалымат алса болот", — деди Нусупов.

Ал ошондой эле Калкты тейлөө борборлорунда кызматкерлер түштөнүү маалында да иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0