Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маратов: Алымкул Үсөнбаев обончу да болгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айтыш" коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов. Архив
Айтыш коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айтыш" коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов быйыл Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгы белгиленерин айтты.
Маратов: Алымкул Үсөнбаев обончу да болгон

Алымкул Үсөнбаевдин төкмөлүк талантына залкар акындар ар дайым жогору бааларын берип келишкен. Бул тууралуу Асылбек Маратов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Алымкул Үсөнбаев айтылуу Токтогул Сатылгановдун жандай көргөн шакирти болгон.

"Залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаев 1894-жылы Талас облусуна караштуу Кара-Арча кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал кенедейинен чыгармачылыкка жакын болуп, 15 жашынан тарта Токтогул Сатылгановго шакирт болгон. Ал залкар акындан таалим-тарбия алып, Токтогул атабыздын жандай көргөн жакын окуучусуна айланган. Кийин устат-шакирт катары бир топ кызыктуу айтыш курушуп, элдин купулуна толушкан. Ошондо Токтогул Сатылганов Алымкул атабызга "топчудай болгон Алымкул, сени Топчубайдай көрөйүн" деп ак батасын берген жайы бар. Ал эми Алымкул Үсөнбаев устатынын көзү өткөндөн кийин кайсы жерге барып, кандай айтыш курбасын ар дайым Токтогул атабызды эскерип, ага урмат-сыйын көрсөтүп турган экен. Төкмөчүлүктөн сырткары Алымкул Үсөнбаев обон да жаратып, ыр да жазган. "Саринжи Бөкөй", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш" деген дастандардын автору катары да белгилүү ", — деди Маратов.

Ал ошондой эле 30-31-августта залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 28 жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата XIII эл аралык кыргыз-казак айтышы өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0