Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаев: Ростов-на-Донуда түрмөгө түшкөн бир да кыргызстандык жок

© Sputnik / Табылды КадырбековРостов-на-Дону шаарындагы кыргыз улуттук маданий автономиясынын жетекчиси Курманбек Абдылдаев
Ростов-на-Дону шаарындагы кыргыз улуттук маданий автономиясынын жетекчиси Курманбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ростов-на-Дону шаарындагы кыргыз улуттук маданий автономиясынын жетекчиси Курманбек Абдылдаев жалпысынан аталган шаарда 10 миңге чукул кыргызстандык жашап, эмгектенерин айтты.
Абдылдаев: Ростов-на-Донуда түрмөгө түшкөн бир да кыргызстандык жок

Ростов-на-Донуда оор кылмыштар менен абакка кесилген бир дагы мекендешибиз жок. Административдик жеңил мыйзам бузуулар менен гана катталып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Курманбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Россиянын башка аймактарындагы мекендештердей эле бул жерде да өсүп келе жаткан муундун эне тилин унутуп бара жатышы көйгөйү курч турат.

"Ростов-на-Дону шаарында эле Россия жарандыгын алган 5000дей кыргыз бар. Дагы 5000дейи эмгек мигранттары. Арасында аскер кызматкери, дарыгер, мугалим болуп иштеп жүргөндөрү да арбын. Жалпысынан калк өтө ынтымактуу, аракетчил. Бардыгы ошол жактан материалдык базасын чыңдап, тажрыйба топтоп келип мекенде жашоону каалашат. Оор кылмыш жасап түрмөгө отурган мекендештерибиз аталган шаарда катталган эмес. Чоң көйгөйлөрдүн бири - балдардын эне тилин унутуп бара жатышында. Биз аз да болсо бул нерсеге бөгөт коюу үчүн кыргыз балдары көп окуган шаардагы мектептерге кыргыз, орус тилинде кыргыз жазуучуларынын китептерин бергенбиз", — деди Абдылдаев.

Ал ошондой эле ошол жакта төрөлүп-өскөн жаш муунга мекенин жакындан таанытуу максатында түрдүү маданий иш-чаралар өтүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0