Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымова: өлкөдөгү мектептердин 94 пайызы интернетке кошулду

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова. Архив
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова 1-сентябрга чейин бардык мектептерди интернетке кошуу пландаштырылып жатканын айтты.
Касымова: өлкөдөгү мектептердин 94 пайызы интернетке кошулду

Республика боюнча 2026 мектеп интернет менен камсыздалды. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тоолуу аймактарда жайгашкан 31 мектеп спутник аркылуу зымсыз интернетке туташтырылат.

"Быйылкы жылы "Биздин мектеп — келечектин мектеби" деген долбоор иштелип чыгып, өкмөткө жөнөтүлгөн. Анын алкагында заман талабына жараша билим берүү максаты көздөлүп жатат. Буга ылайык, бардык мугалимдер жана окуучулар электрондук окуу куралдарын өздөштүрүп, компьютерди колдоно билиши керек. Мындан улам өлкө аймагындагы бардык мектептерди интернетке кошууну пландап жатабыз. Учурда тийиштүү тапшырмалар берилип, жигердүү аракеттер жүрүп жатат. Былтыркы жылдан бери 2026 мектеп интернет менен камсыз болду. Бул республикадагы мектептердин 94 пайызын түзөт. Калганы ушул жылдын 1-сентябрына чейин толук интернетке кошулат", — деди Касымова.

Ошондой эле ал быйылкы жылы ар бир райондон ондон мектепке электрондук күндөлүк системасы киргизилгени жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0