Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымова: өлкө боюнча 2265 мектеп жаңы окуу жылына даяр

© Sputnik / Досхан НусупбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталарын айтты.
Касымова: өлкө боюнча 2265 мектеп жаңы окуу жылына даяр

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2265 мектеп 2019-2020-жаңы окуу жылына толугу менен даяр. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин эсептөөсүнө ылайык, быйыл болжол менен 156 миңге жакын жеткинчек 1-класска кабыл алынат.

"2019-2020-жаңы окуу жылынын базистик окуу планына ылайык быйылкы окуу жылы адаттагыдай эле 1-сентябрда башталмак. Бирок Билим күнү жекшембиге туура келип калгандыктан жаңы окуу жылынын расмий ачылышын 2-сентябрга жылдырдык. Бул күнү өлкө аймагы боюнча 2265 мектеп окуучуларга өз эшигин ачып, жер-жерлерде салтанаттуу линейкалар өткөрүлөт. Ал эми 3-сентябрда окуу процесси толук кандуу старт алат. Быйыл болжол менен 156 миңге жакын жеткинчек 1-класска барат деп күтүп жатабыз. Буга чейин 450 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж деп табылган. Алардын ичинен 57си калыбына келтирилип, учурда эксплуатацияга берилгени жатат. Ал эми калган билим уялары катардагы ремонттон өткөрүлүп, окуучуларды тосуп алууга даяр", — деди Касымова.

Ошондой эле ал 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында өлкө аймагындагы бардык мектептерди интернетке туташтыруу аракеттери жигердүү аткарылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0