Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбеков: өлкөдө компьютердик жана мобилдик оюн индустриясы өнүгүүдө

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандагы IT-компанияларынын биринин башкы директору Семетей Турусбеков
Кыргызстандагы IT-компанияларынын биринин башкы директору Семетей Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы IT-компанияларынын биринин башкы директору Семетей Турусбеков компьютердик жана мобилдик оюндарды жасоону YouTube каналынан өздөштүрүп алса болорун айтты.
Турусбеков: өлкөдө компьютердик жана мобилдик оюн индустриясы өнүгүүдө

Кыргызстанда жасалган компьютердик жана мобилдик оюндарды көбүнчө Америка, Бразилия жана Россия өлкөлөрү сатып алат. Бул тууралуу Семетей Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мобилдик оюн тиркемелеринен көп каражат табууга болот.

"Кыргызстанда компьютердик жана мобилдик оюн индустриясы өнүгүү жолунда. Аудиториянын басымдуу бөлүгү жөнөкөй оюндарга кызыгат. Бул тармак бара-бара каражат табуунун ыңгайлуу жолуна айланып, көп акча табууга мүмкүнчүлүк жаратууда. Бизде жасалган оюн тиркемелерине көпчүлүк учурда Америка, Бразилия жана Россия өлкөлөрү кызыкдар. Бир күндө дээрлик 30 адам компьютердик жана мобилдик оюндарды сатып алат", — деди Турусбеков.

Ал ошондой эле оюн программаларын жасайм деген каалоочулар сабактарды үч айда баштапкы базасын, ал эми бир жылда толук түрдө өздөштүрө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0