17:42 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Экономика министрлигинин ишкерликти жөнгө салуу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кожомбердиева: чакан жана орто бизнестин үлүшү ИДПнын 40 пайызын түзөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
24 0 0

Экономика министрлигинин ишкерликти жөнгө салуу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева өкмөттүн 2019-2023-жылдарга карата чакан жана орто бизнести колдоо программасы бул багыттагы экинчи ири долбоор экенин айтты.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар ишкерлер менен тыгыз иш алып барып, алардын көйгөйлөрүн эске алуу менен ар тараптан колдоого даяр. Бул тууралуу Акылай Кожомбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputniknews.com/popup_radio/14/s "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн ишкерлерди колдоо багытындагы 2015-2017-жылдарга карата кабыл алынган программасы толук ишке ашпай калган.

"Өкмөттүн 2019-2023-жылдарга карата чакан жана орто бизнести колдоо программасы үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта иштеп баштаган. Анын алкагында биз аймактарга барып, ишкерлердин көйгөйлөрү менен таанышып келдик. Бизнес чөйрөсүн түйшөлткөн ар бир жагдай программага кирип, учурда аны кабыл алуу процесси гана калды. Азыркы тапта долбоор бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга тааныштырылды. Эми алардын чечимин күтүп жатабыз. Буга чейин да ишкерлерди колдоо багытында 2015-2017-жылдары программа кабыл алынган. Ал 38 бөлүктөн туруп, 80 пайызга ишке ашты. Аталган долбоордун алкагында эске алынбай калган жагдайларды экинчи программага коштук. Алар эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери жаатындагы маселелер болчу", — деди Кожомбердиева.

Ошондой эле ал бизнести өнүктүрүү багытында өлкөнүн бардык аймактарында ишкерлерди тейлөө борборлору ачылып жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Акматов: бизнесте убакыт акча менен ченелет
Белгилер:
программа, өкмөт, бизнес

ЭҢ МААНИЛҮҮ