14:58 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Акматов: бизнесте убакыт акча менен ченелет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов өкмөттүн 2019-2023-жылдарга карата иштелип чыккан чакан жана орто бизнести колдоо программасы кабыл алынбай жатканын айтты.

Бизнес чөйрөсүндө текке кеткен убакыт акча менен бааланып, чыгашага кептейт. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган программада ишкерлик чөйрөдөгү бардык кемчиликтер эске алынып, өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жол-жоболору каралган.

"2019-2023-жылдарга карата ишкерлик тармагын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда бардык ишкерлердин көйгөйлөрү жана алдыга койгон максаттары тууралуу маалымат топтогонбуз. Иш-чарага мамлекеттик органдар да катышкан. Программа тогуз бөлүктөн, 54 пунктудан турат. Төрт жылга ылайыкталган долбоор үстүбүздөгү жылдан тарта иштеп башташ керек эле. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Көпчүлүк мамлекеттик ведомстволор оозеки макулдугун берип, ишке ашырууга келгенде убакытты создуктуруп, кабыл албай жатышат. Ал эми ишкерликте убакыт акча менен баалангандыктан, чыгашага дуушар болуудабыз. Өкмөт ишкерлерди өнөктөш катары караганды үйрөнүшү керек. Анткени жергиликтүү бизнес канчалык өнүксө, салыктын көлөмү да ошончолук өсөт", — деди Акматов.

Ошондой эле ал өлкө аймагындагы өндүрүмдүн 40 пайызы чакан жана орто бизнеске тиешелүү экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Акматов: өлкөдө зергерликтин потенциалы чоң
Белгилер:
программа, өкмөт, бизнес, Сталбек Акматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ