Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Икрамов: "арстан", "жолборс" деген фейктерге көңүл деле бурбай калдым

© Sputnik / Эркин СадыковДепутат ЖК Тазабек Икрамов
Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов социалдык тармактагы өзүнө айтылган сын-пикирлерге болгон көз карашын билдирди.
Икрамов: "арстан", "жолборс" деген фейктерге көңүл деле бурбай калдым

"Арстан", "жолборс" деп өзүн жашырып алган соцтармактагы фейктерге көңүл деле бурбай калдым. Бул тууралуу Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын пикиринде, атайын бирөөлөргө жалданып же башка бир адамдарды каралоо максатында иш алып барган фейктер бар.

"Биздин коомдо учурда социалдык тармактар чынында абдан популярдуу болуп кетти. Бул убактылуу көрүнүш деп ойлойм. Өз ысымын, сүрөтүн жашырып "арстан", "патриот", "жолборс" деген аттарды коюп алып, элге туура эмес маалымат жеткирүүнү көздөгөндөр бар. Андайлар социалдык тармактарда 30-40ка чукул эле киши. Тилекке каршы, учурунда фейк же чыныгы колдонуучу экенин билбей, жөнөкөй эл анын пикири менен эсептешип, ой бөлүшүп, комментарий калтырып алат. Бирок кийинчерээк байкап калышат. Мен мындай пикирлерге азыр көңүл деле бурбай калдым. Башкысы, эл аралап көп жүргөндүктөн чыныгы маселе, көйгөйлөр менен түз, элдин өз оозунан таанышып турам", — деди Икрамов.

Депутат аткарар жумушу бар адамдардын интернет айдыңында түрдүү ой жаратканга аракет жасоого убактысы болбойт деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0