Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элчи: Россияда камалган кыргыздын 90 пайызы бири-бирине жамандык жасагандар

© Sputnik / Исмаил МамытовЭкс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов
Экс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россия жана Армениядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов абакта жаткан кыргыздарга элчилик кандай жардам көрсөтө аларын айтты.
Элчи: Россияда камалган кыргыздын 90 пайызы бири-бирине жамандык жасагандар

Россияда көбүнесе кыргыз кыргызга кара ниеттик кылып абакка түшөт. Учурда камалып отургандардын 90 пайыздан ашууну өз мекендешине жаман иш жасагандар. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан https://sputniknews.com/popup_radio/14/s радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, абактагы кыргызстандыктардын 35-40 пайызын баңгизат менен кармалгандар түзөт.

"Россиянын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 1300гө чукул жараны отурат. Тилекке каршы, анын 90 пайыздан ашууну кайра эле өз мекендешине карасанатайлык жасагандар. Көбүнесе кыргыз кыргыз менен мушташып, кыргыз кыргызды тоноп же өлтүрүп камалып жаткандар арбын. Учурда абакта отурган биздин жарандардын 15 пайыздайы киши өлтүрүү, дагы ушунчасы зордуктоо боюнча отурушса, 40 пайызга чукулу баңгизат ташып кармалгандар. Калгандары майда бейбаштык кылгандар", — деди Жекшенкулов.

Элчи адам өлтүрүү жана зордуктоодон башка учурларда шектүүнүн туугандары элчиликке кайрылса, мүмкүн болгон жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0