Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбетова: башаламандыктан 29 автобустун терезеси талкаланды

© Sputnik / Асель АкматалиеваСоветник мэра Бишкека Гуля Алмамбетова
Советник мэра Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова 9-августка караган түнү борбор калаадагы башаламандыктан мэрия 109 миң 826 сомдук чыгым тартканын айтты.
Алмамбетова: башаламандыктан 29 автобустун терезеси талкаланды

Башаламандык учурунда 29 автобустун терезеси талкаланды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта автобустарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

"9-августка караган түнү борбор калаадагы ызы-чууда бир нече соода борборлоруна таш ыргытылып, бир ресторандын терезеси сынган. "Ала-Тоо" аянтындагы жана Шабдан баатыр көчөсүндөгү темир коргондор жарактан чыгып, аянттагы алты сүрөт көргөзмөнүн айнегин сындырып кетишкен. Таштанды салгычтарды да өзүнчө курал катары пайдаланышты. Эң өкүнүчтүүсү, эл ташыган 29 автобустун терезелери талкаланып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Автобустардын чыгымын эске албаганда бир эле түндө мэрия 109 миң 826 сомдук зыян тартты. Бул каражатты өнүгүү жолуна жумшасак жакшы болмок", — деди мэрдин кеңешчиси.

Ал ошондой эле Бишкек шаарындагы гүлдөр да тебелендиде калгандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, эки күнгө созулган атайын операциядан кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны кармаганы келген күч түзүмдөрүнө багынып берген. Ошондон кийин анын тарапташтары делген адамдардын жоон тобу "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, шаарда башаламандык уюштурууга аракет кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0