Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайпиев: Курман айтта ооруган малды союуга болбойт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билали Ажы Сайпиев. Архивное фото
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билали Ажы Сайпиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билали Ажы Сайпиев ислам дининдеги эки чоң майрамдын бири Курман айт экенин айтты.
Сайпиев: Курман айтта ооруган малды союуга болбойт

Курман айт майрамында ооруган малды союуга болбойт. Бул тууралуу Билали Ажы Сайпиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул күнү адамдар кайрымдуулук иштерин жасап, колунда барлар курмандыкка мал чалышы керек.

"Ислам дининдеги эки чоң майрамдын бири — Курман айт. Бул күнү адамдар соопчулук иштерин жасап, колунда барлар мал союшат. Мал сатып алууда да бир канча нерсени эске алуу абзел. Мисалы, аталган майрамда ооруган малды курмандыкка чалса болбойт. Курман айт күнү намаздан кийин эл туугандары менен болгон мамилесин бекемдеп, кайрымдуулук иштер менен алектенгени оң", — деди Сайпиев.

Ал Орозо айт менен Курман айттын айырмасы бир гана малды курмандыкка чалууда экенин кошумчалады.

Эске салсак, быйыл Курман айт 11-августта белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0