Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакетаев: мамлекеттин саясатына жооп берген бир киши болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясий серепчи Бакыт Бакетаев
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев мамлекеттик катчы же вице-президент кызматтарын кайрадан киргизүү керек деп эсептейт.
Бакетаев: мамлекеттин саясатына жооп берген бир киши болушу керек

Атайын өлкөнүн саясаты, идеологиясы менен алектенген бир адам болушу шарт. Учурда мунун баары президентке жүктөлгөн. Мындай пикирин Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, Кой-Ташта болгон соңку башаламандыктар так ушул мамлекеттин ички саясатына тикелей жооп берген органдын жоктугунан келип чыкты.

"Мамлекеттин саясатына жооп берген бир киши болушу керек. Мурда мамлекеттик катчы эле, ага чейин вице-президент. Бүгүнкү күндө мындай кызматтар жок. Келечектеги саясатыбыз өткөн тарыхыбызга байланыштуу болуп, башка мамлекеттердин жүргүзүп жаткан саясатына баам салып турган орган керек. Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүүдө куралсыз балдарды олуттуу операцияга жиберүү, чалгындоо иштеринин жакшы жүрбөгөндүгү мына ушул мүчүлүштүктөрдүн айкын себеби. Андыктан, учурда республика үчүн ички, тышкы саясатка жооп бере турган президенттен башка да адамга муктаждык жаралып отурат", — деди Бакетаев.

Ал ошондой эле кыргыз аткаминерлерине Лев Гумелевдун "Теория пассионарности и этногенеза" аттуу китебин окуп чыгууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0