Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтогазиев: Россиянын алдыңкы долбоорлорун көрүү үчүн бизнес-тур болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваСоздатель альянса аграрных ассоциаций и производителей КР Тилек Токтогазиев
Создатель альянса аграрных ассоциаций и производителей КР Тилек Токтогазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агрардык ассоциациялар альянсынын негиздөөчүсү Тилек Токтогазиев Россиянын айылдык жаштар бирикмеси менен алдыда көптөгөн иштерди бирге аткарууга аракеттер көрүлүп баштаганын айтты.
Токтогазиев: Россиянын алдыңкы долбоорлорун көрүү үчүн бизнес-тур болот

Кыргызстан жана Россия жаш лидерлеринин форумунун алкагында эки өлкөнүн жаштары келечекте бирге жасачу долбоорлор тууралуу ой бөлүштү. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу учурунда Россиянын алдыңкы долбоорлорун көрүү үчүн бизнес-тур уюштуруу пландалды.

"Форумда Россиянын айылдык жаштар бирикмеси менен таанышып, алдыдагы иш-аракеттерди чогуу жасамай болдук. Бири-бирибиз менен ой бөлүштүк. Дароо эле алдыбызга чоң пландарды койбосок да, мындан ары ал жакка барып алдыңкы долбоорлор менен таанышып, бизнес-тур уюштуралы деп жатабыз. Россияда гранттар ири суммада берилип келет. Чет өлкөлүктөр үчүн да конкурстар жарыяланса, алар бизди кабардар кылмай болду. Максаттарга жетүү үчүн кичинекей болсо да кадам таштап, аны сөзсүз иш жүзүнө ашырыш керек", — деди Токтогазиев.

Ал аталган форум жаштар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0