Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эшимов: үйүн туугандарына жаздырып, сызга отурган мекендештер көп

© Sputnik / Эркин Садыков"Замандаш" ассоциациясынын Россиядагы өкүлү Руслан Эшимов
Замандаш ассоциациясынын Россиядагы өкүлү Руслан Эшимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Замандаш" ассоциациясынын Россиядагы өкүлү Руслан Эшимов аталган өлкөдө 600 миңге чукул кыргызстандык Россиянын жарандыгын алып, жашап жатышкандыгын айтты.
Эшимов: мал-мүлкүн туугандарына жаздырып, сызга отурган мигранттар көп

«Мекен карт» системасы өлкөдөн сыртта жашап жаткандарга жакшы жардам берет. Бирок анда айрым маселелер чечилбеген бойдон калууда. Бул тууралуу Руслан Эшимов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 1-2-август күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен мекенден алыста жашап жүргөн кыргыздардын болуп өткөн жолугушуусу мигранттар үчүн өтө пайдалуу.

"Мамлекет башчысы менен болгон жолугушуунун негизги максаты чет жерде отурукташып калган мекендештерди кайра кайтаруу, алар аркылуу өлкөгө инвестиция тартуу болду. Анын негизинде «Мекен карт» системасы ишке кирет. Анда 1+1 долбоору кызуу талкууланды. Долбоордо башка өлкөнүн жарандыгын алган мурдагы кыргызстандык мекенине 10 миң долларлык инвестиция алып келсе, өкмөт да ошончо суммада көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле учурда башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздарга туулган жеринен үй, жер тилкесин алууда кызыл китеп берилбейт. Алар туугандарына жаздырып, сатып алууга аргасыз болушууда. Мунун айынан өз туугандары эле алдап кетип, азыркы убакта 200дөй иш сотко өткөрүлүптүр. Ошондуктан жер тилкесин же үй алгысы келген мекендештерге кадимки Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле кызыл китеп берүү маселесин да көтөрдүк. Тилекке каршы, азырынча бул меселе ачык бойдон калууда. Келечекте кыргыз өкмөтү аталган көйгөйгө кайрадан кайрылып, оң жагына чечет деп үмүттөнөбүз ", — деди Эшимов.

Ал ошондой эле кеңешмеде кош жарандуулук боюнча да ой-пикирлер айтылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0