Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетакунов: Турдакун Усубалиев тууралуу даректүү тасма тартылып жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваРежиссер Молдосеит Мамбетакунов
Режиссер Молдосеит Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманы тартуу иштери июль айынын аягында башталган.
Мамбетакунов: Турдакун Усубалиев тууралуу даректүү тасма тартылып жатат

Кыргызстанды совет заманында чейрек кылым башкарган мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу даректүү тасма тартылып жатат. Бул тууралуу КРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган фильм саясий ишмердин 100 жылдык мааракесине арналууда.

"Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналып, басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма тартылып жатат. Фильмдин режиссеру — мен, сценаристи — Байма Сутенова, оператору — Стамбулбек Мамбеталиев, демөөрчүсү жана продюсери — Аскар Салымбеков. Тасмада мамлекеттик ишмердин өлкө үчүн жасап кеткен иштерине басым жасалат. Ошондой эле ал инсан тууралуу кайчы пикирлер да көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө объективдүү маалымат берилет", — деди тасманын режиссеру.

Мамбетакунов даректүү кинону тартууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көмөктөшүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0