Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдокасымов: көчмөн элдин мал чарбачылыгы боюнча эл аралык илимий жыйын өтөт

© Sputnik / Дильноза АлымоваКР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов. Архив
КР президентинин аппаратына караштуу Мурас коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 19-августтан 23үнө чейин Кыргызстанда эл аралык жыйын өтөрүн айтты.
Молдокасымов: көчмөн элдин мал чарбачылыгы боюнча эл аралык илимий жыйын өтөт

Илимий жыйын "Алтай көчмөн цивилизациясы жана алардын мал чарбачылыгындагы өзгөчөлүктөр" деп аталат. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара Бишкек шаарында башталып, Чолпон-Атада уланат.

"19-августтан 23үнө чейин республикада масштабдуу илимий жыйын өткөнү турат. Ага катышууну көздөп дүйнө жүзүнөн 200гө чукул окумуштуу кат жөнөттү. Учурда тактоо иштери жүрүүдө. Окумуштуулар Кытай, Япония, Корея, Россия, Түркия мамлекеттерин кошкондо 20га чукул өлкөдөн келиши күтүлүп жатат. Анда көчмөн элинин мал чарбачылык цивилизациясы талкууланат", — деди Молдокасымов.

Ал аталган илимий жыйында көчмөн элдин мал чарбачылыгы кыргыздардын жашоосунун негизинде караларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0