20:17 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
КР президентинин аппаратына караштуу Мурас коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов. Архив
© Sputnik / Дильноза Алымова

Молдокасымов: көчмөн элдин мал чарбачылыгы боюнча эл аралык илимий жыйын өтөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
34 0 0

КР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 19-августтан 23үнө чейин Кыргызстанда эл аралык жыйын өтөрүн айтты.

Илимий жыйын "Алтай көчмөн цивилизациясы жана алардын мал чарбачылыгындагы өзгөчөлүктөр" деп аталат. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара Бишкек шаарында башталып, Чолпон-Атада уланат.

"19-августтан 23үнө чейин республикада масштабдуу илимий жыйын өткөнү турат. Ага катышууну көздөп дүйнө жүзүнөн 200гө чукул окумуштуу кат жөнөттү. Учурда тактоо иштери жүрүүдө. Окумуштуулар Кытай, Япония, Корея, Россия, Түркия мамлекеттерин кошкондо 20га чукул өлкөдөн келиши күтүлүп жатат. Анда көчмөн элинин мал чарбачылык цивилизациясы талкууланат", — деди Молдокасымов.

Ал аталган илимий жыйында көчмөн элдин мал чарбачылыгы кыргыздардын жашоосунун негизинде караларын кошумчалады.

Тема боюнча

Молдокасымов: кыргыз тарыхына 2200 эмес, 3000 жыл экени аныкталды
Белгилер:
мал чарбасы, жыйын, тарых, илим, Кыяс Молдокасымов

ЭҢ МААНИЛҮҮ