Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арапов: сапаттуу билим алгысы келгендер чет өлкөдө окуганга аракет кылат

© Sputnik / Асель АкматалиеваИшкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов
Ишкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов чет мамлекеттен билим алуунун артыкчылыктарына токтолду.
Арапов: сапаттуу билим алгысы келгендер чет өлкөдө окуганга аракет кылат

Кыргызстандын келечеги билимдүү жана тарбиялуу жаштардын колунда. Мындай пикирин Алмаз Арапов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сапаттуу билимди самаган жаштар чет өлкөдө окуганга аракет жасап жатат.

"Бүгүнкү күндө чет өлкөдөн билим алуунун маанилүүлүгү артууда. Буга эң башкы себеп — Кыргызстандагы билим берүүнүн алсыздыгы. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет демекчи, жаш уул-кыздар чет өлкөгө барып бир гана билим албастан, көз карашы өзгөрүп, башкалардын кантип өнүгүп жатканын да көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Япония, Корея жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр өнүгүүнүн жолу бир гана билимде экенин түшүнүп, балдарынын чет жерден билим алуусуна шарт түзүп бергенден кийин бул мамлекеттер өнүгө баштады. Ошондуктан колдон келишинче жаштарыбыз Америкадан, Европадан билим алууга умтулууга тийиш. Бир өлкөнүн келечеги билимдүү жана тарбиялуу жаштардын колунда", — деди Арапов.

Ал кары-жаш дебестен ар бир эле адам чет өлкөнү көрүп гана келбестен, ал жактан билим да алып келсе, Кыргызстандын келечегине салым кошула турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0