Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманкулова: төрөп эле эненин иштеши баланын ден соолугу үчүн кооптуу

© Sputnik / Асель АкматалиеваДоктор Первомайского центра семейной медины Эркин Аманкулова
Доктор Первомайского центра семейной медины Эркин Аманкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук үйбүлөлүк медицина борборунун ден соолукту бекемдөө кабинетинин дарыгери Эркин Аманкулова эне сүтү бардык тамак-аштан баалуу экенин айтты.
Аманкулова: төрөп эле эненин иштеши баланын ден соолугу үчүн кооптуу

Ымыркай 2-3 айлык кезинде эле энесинин жумушка чыгып кетиши баланын ден соолугу үчүн кооптуу. Мындай пикирин Эркин Аманкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланы 2-3 жашка чейин эне сүтү менен багыш керек.

"Эмчек эмизүү эне менен баланын ортосунда өмүр бою кала турган маанилүү катнаш. Эне сүтүндө көптөгөн баалуу витаминдер бар. Учурда төрөп эле, баласы 2-3 айлык убагында жумушка чыгып кеткен келиндер көбөйдү. Бул туура эмес. Мындай көрүнүш баласынын ден соолугу үчүн кооптуулук жаратат. Анткени эне сүтүндөгү заттар бардык тамак-аштан жогору турат. Баланы 2-3 жашка чейин эмизүү зарыл", — деди дарыгер.

Ал эне сүтүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматтарды дарыгерлер элге жеткиргенге аракет кылып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0