Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаров: Tengri music фестивалына бир катар өлкөлөрдөн конок келет

© Sputnik / Асель АкматалиеваОрганизатор фестиваля Tengri music 2019 Адилет Айдаров
Организатор фестиваля Tengri music 2019 Адилет Айдаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Tengri music 2019 фестивалынын уюштуруучусу Адилет Айдаров учурда аталган иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтты.
Айдаров: Tengri music фестивалына бир катар өлкөлөрдөн конок келет

Tengri music 2019 фестивалы бул жылы 9-10-август күндөрү Ысык-Көл жергесинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтөт. Бул тууралуу Адилет Айдаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул концерттин башкы максаты — элди маданиятка жакындатуу.

"Бүгүнкү күндө бир катар концерттер уюштурулуп келет, бирок негедир анда классикалык чыгармаларга көп орун бериле бербейт. Мааниси терең, философиялык ойду камтыган мындай музыкаларга суусаган адамдар да бар экени эске алынып, Tengri music фестивалы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Буга чейин жалаң гана Бишкек шаарында өткөрүлүп келген болсо, быйыл өзгөчө атмосфера жаралсын деп Ысык-Көл жергесинде уюштурууну туура көрдүк. Ага Кыргызстандан тышкары Россия, Германия, Армения, Казакстан, Белоруссия жана Австриядан таланттар келип, өз өнөрүн тартуулашат", — деди уюштуруучу.

Ал концерттин билеттери 1000-1500 сомдон сатылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0