07:44 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Биринчи Май районунун башчысы Алибек Биримкулов
© Sputnik / Асель Акматалиева

Биримкулов: жоокерлер 108 саат пайдалуу жумуштарды аткарууга тийиш

Радио
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Биринчи Май районунун башчысы Алибек Биримкулов альтернативдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер 108 сааттык жумушка тартылып келерин айтты.

Жоокерлер карыяларга жардам берип, жашылдандыруу иштерин аткарып келишет. Бул тууралуу Алибек Биримкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 1-декабрында кол коюлган президенттин Жарлыгына ылайык, альтернативдик кызмат өтөгөн аскерлер коомго пайда алып келчү жумуштарга тартылат.

"Кыргызстан боюнча ким альтернативдик негизде аскердик кызматын өтөп жаткан болсо, ошол аймакка пайда алып келчү жумуштарды жасашы керек. Жоокер өзүнө ыңгайлуу убакта 108 саат кызматтык бөлмөлөрдү жана көчөлөрдү тазалоого, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине салым кошууга, улгайган жана майып адамдарга жардам берүүгө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда эли үчүн кызмат өтөөгө тийиш. Мунун негизинде Биринчи Май районунда 500дөн ашык жоокердин 112си коомго пайда алып келген жумуштарды аткарып бүттү", — деди район башчысы.

Ал аскерлердин мындай жумуштарга тартылышын туура деп эсептерин кошумчалады.

Белгилер:
кызмат, Аскер

ЭҢ МААНИЛҮҮ