04:35 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Республикалык инфекциялык оорукананын дарыгери Кундуз Джубасова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Джубасова: ысыкта инфекциялык ооруну козгоочу бактериялар жанданат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
155 0 0

Республикалык инфекциялык оорукананын дарыгери Кундуз Джубасова жай мезгилинде аларга кайрылган бейтаптардын көбү тамак-ашка уулангандар болорун айтты.

Күн ысыкта адам өмүрүнө коркунуч жараткан бир топ бактериялар жанданат. Бул тууралуу Кундуз Джубасова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ысыкта өздүк гигиенаны сактабай, инфекциялык ооруканага кайрылгандардын саны көп болот.

"Ысыкта инфекциялык ооруларды козгой турган бир катар кооптуу бактериялар жанданат. Алар дизентерия, стафилококк жана сальмонеллез таякчалары. Бул микроорганизмдер тамак-аш аркылуу адамга өтөт жана аны ууландырат. Мындай учурда убагында тийиштүү жардам берилбей калса, кесепети кейиштүү болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен жай мезгилинде тамактанууга олуттуу көңүл буруу зарыл. Жашылча-жемиштерде да бактериялар көп. Аларды таза жууганга аракет кылгыла. Андан сырткары, эт, сүт азыктары күн ысыкта бат бузулат. Уулануунун биринчи белгиси — бул ичтин өтүшү, дене табынын көтөрүлүшү, суусоо жана алсыроо. Эгер адам ууланса дароо дарыгерге кайрылып, көбүрөөк суу ичкенге аракет кылышы керек. Мындан сырткары, айрымдар үйдөн өздөрү дарыланып башташат. Бул туура эмес. Оорунун кандай экенин билбей туруп, өзүм билемдикке салган болбойт. Сөзсүз тийиштүү адиске кайрылгыла", — деди дарыгер.

Ошондой эле ал учурда тамак-ашка уулангандардын басымдуу бөлүгү жаш балдар экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Адис: тамактан ууланбаш үчүн 7 нерсеге көңүл буруу керек
Белгилер:
инфекциялык оору, бактерия, ысык

ЭҢ МААНИЛҮҮ