Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрменбаев: Кыргызстандагы мөңгүлөр жыл сайын 8-9 метр артка чегинүүдө

© Sputnik / Эркин СадыковРуководитель гляциологической станции Тянь-Шаньского научного центра Бакыт Эрменбаев
Руководитель гляциологической станции Тянь-Шаньского научного центра Бакыт Эрменбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун Гляциология лабораториясынын жетекчиси Бакытбек Эрменбаев 41 жылдын ичинде кыргыз мөңгүлөрү 22 пайызга азайгандыгын айтты.
Эрменбаев: Кыргызстандагы мөңгүлөр жыл сайын 8-9 метр артка чегинүүдө

Кыргызстандагы мөңгүлөр жыл сайын 8-9 метр артка чегинип жатат. Бул тууралуу Бакытбек Эрменбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, лаборатория Кара-Баткак мөңгүсүнө илимий иликтөө жүргүзүү менен жалпы өлкө аймагындагыларынын абалын аныктап турат.

"Илимий академияга караштуу аталган лаборатория Кара-Баткак мөңгүсүнө жайы-кышы гидрологиялык, гляциологиялык жана метеорологиялык көзөмөл жүргүзүп турат. Ошондой эле жааган кардын, жамгырдын көлөмү өлчөнөт. Анда окумуштуулар мөңгүлөргө барып, жашап, эрүү процессин ченөө менен бирдикте мөңгүдө атайын орнотулган техниканын жардамы менен тартып алынган космостук сүрөттөрдү да колдонушат. Биздин көзөмөлдөргө ылайык, Кара-Баткак мөңгүсү 1967-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта 22 пайызга чегинип кеткен. Бул жылына 8-9 метрге артка жылып жаткандыгын билдирет", — деди Эрменбаев.

Окумуштуу мөңгүлөрдүн азайышын токтотууга азырынча адамзат алсыздык кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0