16:16 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8245
  • EUR76.6533
  • RUB1.0919
БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперти Улан Шамшиев. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шамшиев: адам сатуу көйгөйүн чечүүдө Кыргызстан эки жылда артка кетти

Радио
Кыскача шилтеме алуу
42 0 0

БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперти Улан Шамшиев адам сатуу көйгөйү дүйнө элин кооптондурган маселелердин бири боюнча калып жаткандыгын айтты.

АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан жыл сайын атайын изилдөө жүргүзүлөт. Анда адам сатуу көйгөйү кайсы мамлекетте кандай чечилип жаткандыгы каралат. Кыргызстан, тилекке каршы, соңку жылдары артка кетти. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, аталган иликтөөдө өлкөлөр үч топко бөлүнөт.

"Эл аралык атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн катарынан азырынча Кыргызстанды көрүү мүмкүн эмес. Бирок АКШнын мамлекеттик департаменти бул багытта жылда өз эмгегин жарыялап турат. Ага ылайык, адам сатуу маселеси боюнча күрөшүүдө Кыргызстан 2017-жылдан тарта бир тепкичке артка чегинди. Иликтөөдө жалпысынан үч топ бар. Биринчиси — коркунучсуз мамлекеттер, экинчи тепкичте аракет жасап жаткандар, акыркы болуп таптакыр эле өнүкпөгөн өлкөлөр эсептелет. Биз эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары экинчи топто болсок, учурда экинчи тепкичтеги "көзөмөлдө турган өлкөлөр" бөлүмүнө түшүп калдык. Бул аракет жасалып жатат, бирок майнап жок дегенди түшүндүрөт. Мындан көтөрүлүү же акыркы тепкичке түшүп калуу мамлекет менен коомдук уюмдардын биргелешип аракеттенүүсүнөн көз каранды", — деди Шамшиев.

Ал өлкөдө биринчи орунда адамдарды эмгек кулчулугуна, андан кийин сексуалдык кулчулукка сатуу турарын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда адам сатууну шарттаган факторлор саналды
Белгилер:
мамлекет, күрөш, кулчулук, адам сатуу, Улан Шамшиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ