22:32 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938

Мукамбетов: жаңы ачылыштын аталышы оригиналдуу болсо гана патент берилет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

Өкмөттүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын экспертиза башкармалыгынын башчысы Элмар Мукамбетов ойлоп табуучулар жана жаратмандардын укуктары патенттин негизинде корголорун айтты.

Мукамбетов: жаңы ачылыштын аталышы оригиналдуу болсо гана патент берилет

Ар бир жаңы ачылыш бул интеллектуалдык менчик болуп эсептелет. Аны укуктук талаада тастыкташ үчүн патент алуу зарыл. Бул тууралуу Элмар Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ойлоп табууларга жана товарга патент алууда жер-суу аттарын колдонуу болбойт жана ачылыштардын энчилүү аталыштары оригиналдуу болушу шарт.

"Биз ойлоп табуудан тарта буюмдун дизайны, товардык белги жана аталыштарга чейин каттап, аларга патент беребиз. Негизги талап — ошол жаңы ачылыш же аталыш оригиналдуу болуп, эч жерден кездешпеши керек. Муну ойлоп табуучулар эстен чыгарбашы абзел. Айрым учурда жер-суунун аталышы менен жаңы товар чыгарып, каттоого келишет. Мындай учурда биз патент бере албайбыз. Анткени ал жерде башка өндүрүш да бар болушу мүмкүн. Эгер биз бир товарды гана каттоодон өткөрүп койсок, башкалар ал жердин аты менен чыга албай калат. Ошондой эле буюмдун аталышы да катталбайт. Мисалы, бизде чапан деген атты колдонгон кийим тигүүчү ишкана бар экен. Алар чет өлкөгө чейин таанылыптыр. Бирок аларга биз патент берип, чапан деген сөздү бренд катары колдонууга макулдук бере албайбыз. Себеби чапан тиккен башка мекемелер да бар. Кийин алар бул сөздү колдоно албай калышат. Ошол себептен брендди тандоодо анын оригиналдуу болушу керектигин эстен чыгарбаш керек", — деди Мукамбетов.

Ошондой эле ал ойлоп табууларга 20 жыл, пайдалуу моделдерге сегиз жыл, дизайнга 15 жыл жана товардык белгилерге 10 жылдан жогору убакытка чейин патент берилерин кошумчалады.

Тема боюнча

Салык төлөөчүлөр патентти онлайн сатып ала баштады
Белгилер:
эреже, ойлоп табуу, ачылыш, Кыргызпатент

ЭҢ МААНИЛҮҮ