Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турарбеков: жети облустун мугалимдери Баткенде 10 күн бою китеп окушат

© Sputnik / Табылды КадырбековКоординатор по проектам общественного объединения "Кыргыз жаш күч" Тилек Турарбеков
Координатор по проектам общественного объединения Кыргыз жаш күч Тилек Турарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Акыл-Билек" билим, спорт жарышынын уюштуруучусу Тилек Турарбеков 15-25-август күндөрү аталган иш-чара Баткен облусунун Лейлек районунда өтөрүн айтты.
Турарбеков: жети облустун мугалимдери Баткенде 10 күн бою китеп окушат

Мугалимдер үчүн уюштурулуп жаткан "Акыл-Билек" билим, спорт жарышына жети облустан жана Бишкек шаарынан жалпы 15 мугалим катышат. Бул тууралуу Тилек Турарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул акыл таймашта окутуучулар 10 күн бою китеп окуп, спорт менен машыга алат.

"Мындай долбоорду буга чейин жаштарга өткөрүп келгенбиз. Бул жолу мугалимдер үчүн уюштурууну туура көрдүк. Анткени окутуучулардан дээрлик баарыбыз билим алып, бирок биз алар үчүн эч нерсе кылбайт экенбиз. Изилдеп көрсөк СССР учурунда мугалимдерге өзүн өнүктүрүүгө жана билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр көп болгон экен. Эгемендик алгандан бери андай нерселер жоюлуп, жылдан жылга бул жаатта иш-аракеттер жасалбай жатат. "Акыл-Билекке" катышкан 15 мугалим Баткен жергесине барып, 10 күн бою китеп окуу менен бирге спорт менен машыгып, ден соолугун чыңап келишет. Аларга легендарлуу Гапыр Мадаминов агайыбыз сабак өтүп, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт", — деди уюштуруучу.

Ал ушул сыяктуу иш-чаралар мугалимдер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болорун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0