Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тажиев: туризм бизнесин түптөөгө чоң акчанын кереги жок

© Sputnik / Досхан НусупбековГид Руслан Тажиев
Гид Руслан Тажиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат турлары боюнча адистешкен гид Руслан Тажиев өлкөнүн туризм тармагында потенциалы чоң экендигин белгиледи.
Тажиев: туризм бизнесин түптөөгө чоң акчанын кереги жок

Ишкерлик менен алектенүү үчүн алгач аз эмес акча керек. Ал эми туризм бизнесин түптөөдө ири каражат талап кылынбайт. Мындай пикирин Руслан Тажиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, аталган тармакта креативдүү ойлоно билүү жана сылыктык, тактык чоң мааниге ээ.

"Туризм бизнеси акчага караганда чыгармачылыкты талап кылат десек туура болот. Аны баштоодо сөзсүз эле чоң суммадагы каражат керектелбейт. Саякат бизнесинин кайсы тармагында өз ишкерлигиңди баштасаң да ал тейлөө менен байланышкандыктан, сылыктык алгачкы куралыңа айланышы шарт. Ошол эле гид тармагын ала турган болсок, аталган кесип учурда Кыргызстан үчүн жаңылык, бирок кызыккан жана аракет кылган жаштар көп. Тейлөөнү мыкты өнүктүргөндөрү тил үйрөнүп, тил билгендери туристтер менен иштешүү ыкмаларын өздөштүрүүдө. Жеке пикиримде, беш жыл аралыгында күчтүү, дасыккан адис гиддер пайда болот", — деди Тажиев.

Ал ошондой эле өлкөдөгү ЖОЖ бул кесипти адистик катары окутпагандыгына кейиди.

Жаңылыктар түрмөгү
0