Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курманов: фишинг каттар жеке маалыматтарды алыстан туруп башкарууга жол ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель отдела безопасности в одном из банков КР Сейтек Курманов
Руководитель отдела безопасности в одном из банков КР Сейтек Курманов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин Маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов электрондук почтага чоочун кат келгенде аны ачпай туруп, жазылган дарегине дыкат көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Курманов: фишинг каттар жеке маалыматтарды алыстан туруп башкарууга жол ачат

Почтаңызга сиз күтпөгөн даректен келген каттардан абайлаңыз. Алар фишинг каттар болуп калуусу да ыктымал. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жасалма каттар колдонуучунун жеке маалыматтарын уурдоо максатында жиберилет.

"Почтага келген каттарды ачуудан мурда аны жиберген электрондук дарекке көңүл буруу зарыл. Белгилүү бир бренддерден, фирмалардан экендиги жазылып турса да ачып, андагы шилтемелерге өтүүгө ашыкпаңыз. Анткени бир эле тамга же белгисин өзгөртүп, жаңы электрондук почта ачып, сизге хакерлер жасалма кат жиберген болушу мүмкүн. Каттын темасында орунсуз илеп белгилер кезиксе, текстте жеке сиздин аты-жөнүңүздү атап кайрылбаса, демек, бул вирустук кат. Максаты — сизди азгырып, андагы шилтемелерге киргизүү менен сыр сөзүңүзгө, банктык эсебиңизге жана башка жеке маалыматтарыңызга ээ болуу. Мындай каттарды кара өзгөйлөр почтаңызды жана башка өздүк маалыматтарыңызды аралыктан башкаруу үчүн жасашат", — деди Курманов.

Адис мындай аракеттерден сак болуу үчүн татаал сыр сөздөрдү колдонууга жана дыкат болууга чакырды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0