Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тил комиссиясынын адиси дипломдогу каталар менен мекеменин байланышын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу. Архив
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу жобого ылайык, Тил комиссиясы мамлекеттик мекемелердин иш-кагаздарына көзөмөл жүргүзө аларын айтты.
Тил комиссиясынын адиси дипломдогу каталар менен мекеменин байланышын айтты

Аттестат, дипломдордо кетирилген каталар абдан одоно иш. Бул маселе жөнүндө биздин ишкана да коомчулук менен катар эле кабардар болду. Бул тууралуу Мундузбек Абдыжапар уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү документтер жарык көрүп жатканда, министрлик анын текстин Тил комиссиясына текшертип алса болмок.

"Жобого ылайык, биздин комиссия республика аймагында мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарын көзөмөлдөөгө, туура жазылышына көмөк көрсөтүүгө жана каталардын алдын алуу үчүн практикалык иш-чараларды жүргүзүүгө укуктуу. Андыктан, аттестат, дипломдорду ката менен басып чыгарардан мурда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына расмий кат жолдоп койсо болмок. Биз 10 күндүн ичинде катка жооп берүүгө жана ошол басмаканага даярдалып жаткан документтердеги мамлекеттик тилдин нормаларынын сакталышын көзөмөлдөөгө мажбур болмокпуз. Азыркыдай калпыс абал келип чыкпайт эле. Ката табылган учурда да Тил комиссиясына жиберген расмий катын көрсөтүп, элге жүздөрү жарык болмок", — деди Абдыжапар уулу.

Ал Мамлекеттик тил комиссиясында мындай көзөмөл иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү адистер жана башка шарттардын баары бар экендигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0