19:28 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Китепкөй Ала-Тоо долбоорунун уюштуруучуларынын бири Бакай Акылбеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Акылбеков: "Китепкөй Ала-Тоо" долбооруна туристтер да кызыгууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
253 0 0

"Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун уюштуруучуларынын бири Бакай Акылбеков аталган долбоордун келечеги кең экенин айтты.

 

Күн сайын саат 18:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында эл китеп окуп жатат. Бул тууралуу Бакай Акылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Китепкөй Ала-Тоо" долбооруна туристтер да кызыгышууда.

"Борбор калаабыздын "Ала-Тоо" аянты көпчүлүктүн жолугушчу жери болгондуктан, иш-чараны ошол жерде өткөрүүнү туура көрдүк. Күн сайын саат 18:00дө аянтта китеп окуп жатабыз. Өзүбүз окуган китептерден сырткары башка чыгармаларды да тизип коебуз. Аларды өтүп баратып иш-чарага кызыгып калган эс алуучулар окуй алат. Мындан сырткары, туристтер үчүн да абдан кызык болууда. Шаар босогосун жаңы аттаган абитуриенттер да мындай саамалыктан таасирленип жатканын айтып жатат. Ошондой эле коомдо ийгилик жараткан атактуу адамдар келип, карьерасына китептин тийгизген таасири тууралуу айтып, жаштарга мотивация берүүдө. Бул долбоор, буюрса, кыргыз эли китепкөй эл болгончо уланат", — деди Акылбеков.

Ал бул саамалык "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун уландысы экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Бообекова: бир китепти басып чыгаруу үчүн 40 жыл мээнет кылдым
Белгилер:
Ала-Тоо аянты, эл, долбоорлор

ЭҢ МААНИЛҮҮ