Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исабеков: КРдин армияны каржылоо системасы башка өлкөлөргө үлгү

© Sputnik / Эркин СадыковУлуттук гвардиянын кол башчысынын орун басары, полковник Руслан Исабеков. Архив
Улуттук гвардиянын кол башчысынын орун басары, полковник Руслан Исабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук гвардиянын кол башчысынын орун басары, полковник Руслан Исабеков мамлекет тарабынан армияга болгон колдоо жакшырганын айтты.
Исабеков: КРдин армияны каржылоо системасы башка өлкөлөргө үлгү

Учурда Улуттук гвардияда материалдык-техникалык жактан муктаждык жок. Бул тууралуу Руслан Исабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын күч түзүмдөрүн каржылоо сиситемасы башка өлкөлөргө да үлгү болуп жатат.

"2014-жылга чейин Улуттук гвардиянын материалдык-техникалык камсыздоо иштери тендер аркылуу жүргүзүлчү. Ал учурда ар кандай башаламандыктар болуп, түйшүгү көп эле. Учурда мунун баары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан ишке ашып, каржылоо маселеси бир топ жеңилдеди. Мындан улам биздин аскердик бөлүк толук жабдылды деп айта алабыз. Бүгүнкү күндө жоокерлердин кийим-кече, азык-түлүк менен камсыз болушу бардык талаптарга жооп берет. Ошондой эле курал-жарак жана аскердик техниканын тетиктери жетиштүү. Андан сырткары, аскер кызматкерлерине турак жай берилип, алардын социалдык муктаждыктары да чечилип жатат. Азыркы тапта ижарага батир алгандар мамлекет тарабынан бөлүнгөн атайын каражатка ээ болушууда. Анын көлөмү Бишкектегилер үчүн ай сайын 9,5 миң сом болсо, аймактагыларга 7,5 миң сом", — деди Исабеков.

Ошондой эле ал Улуттук гвардиянын 60 жоокери 5-августтан тарта 15-августка чейин Кытай Эл Республикасында өтө турган биргелешкен аскердик машыгууларга катышарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0