Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Большевиков: автожарыштарды шаар ичинде өткөрүүгө биз да каршыбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель командира батальона ГУОБДД МВД КР по Бишкеку Жээнбек Большевиков
Заместитель командира батальона ГУОБДД МВД КР по Бишкеку Жээнбек Большевиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык жол кыйымылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын батальон командиринин орун басары Жээнбек Большевиков шаар ичинде өткөрүлгөн жарыштарга тыюу салыш керектигин белгиледи.
Большевиков: автожарыштарды шаар ичинде өткөрүүгө биз да каршыбыз

Автожарыштарды шаар ичинде өткөрүү жөрөлгөсү соңку жылдары күчөп кетти. Уюштуруучулар мындай жол менен спортту өнүктүрүп жаткандыктарын айтышат. Бул тууралуу Жээнбек Большевиков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калаада масштабдуу спорттук жарыштар өткөндө бир катар көчөлөр жабылып, тургундардын нааразычылыгын жаратып келет.

"Бишкектин көчөлөрү спорттук автоунаалардын мелдешине ылайыкташкан эмес. Ошондой эле уюштуруучулар жарышка түшкөн көлүктүн абалын дыкат текшеришпейт. Жыйынтыгында 21-июль күнү "Жеңиш" аянтында өтүп жаткан автоунаалардын жарышы учурунда болгон кырсык сыяктуу окуялар болот. Андай таймаштарды бардык шарты бар жайларда өткөрүш керек. Бул боюнча Бишкек шаардык жол кыйымылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет", — деди Большевиков.

Бишкекте дрифт боюнча чемпионат учурунда автоунаа элди көздөй кирип кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дрифт боюнча чемпионат учурунда автоунаа элди көздөй кирип кетти. Видео
Ошондой эле ал автоунаа жарыштарын өткөрүүгө ыңгайлуу жай Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында бар экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 21-июлда Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында Gradus Cup аталышындагы спорттук автоунаалардын дрифт боюнча жарышы өткөрүлмөк. Бирок мелдеш башталаар алдында Toyota Mark I автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Натыйжада беш киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Милиция кырсыкты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0