Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулов: антибиотик дүйнөдөгү башкы көйгөйгө айланып баратат

© Sputnik / Досхан НусупбековПредставитель Минсельхоза, пищевой промышленности и мелиорации Нурлан Абдыгулов
Представитель Минсельхоза, пищевой промышленности и мелиорации Нурлан Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Нурлан Абдыгулов мал чарбачылыкта колдонулуп жаткан антибиотиктер эт, сүт аркылуу адамдын ден соолугуна да залал келтирерин айтты.
Абдыгулов: антибиотик дүйнөдөгү башкы көйгөйгө айланып баратат

Эксперттердин баамында, айыл чарба багытында колдонулган антибиотиктерге чектөө киргизилбесе, ал 2050-2060-жылдары дүйнөдөгү эң негизги көйгөйгө айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Нурлан Абдыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, антибиотиктерди көп колдонгон организм улам андан күчтүүсүн талап кыла берет.

"Учурда мал ылаңдаганда аны антибиотиктер менен дарылоо адатка айланды. Фермерлердин көбү залалын жакшы түшүнбөй жатышат. Малдагы антибиотик эт, сүт азыктары менен адамга өтөт жана анын да ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Мындан улам азыртадан тийиштүү чараларды көрүп, антибиотиктерден баш тартпасак, 20-30 жылдан кийин айрым оорулардын дабасын таба албай калышыбыз ыктымал", — деди Абдыгулов.

Ошондой эле ал ветеринар жана фермерлердин арасында антибиотиктер тууралуу окуулар жүрүп баштаганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0